Кыргызстандагы фармакологиялык компаниялар менен күрөшүү сунушталды

18 декабря 2018 Кыргызстандагы фармакологиялык компаниялар менен күрөшүү сунушталды

Исмаилов дарыгерлер фармакологиялык компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын дарыларын бейтаптарга мажбурлап сатып жатканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов Саламаттык сактоо министрлигинин айрым жүргүзүп жаткан иштерин сынга алды.

Бүгүн, 18-декабрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында Координациялык кеңеш өттү. Анда мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер каралды.

Исмаиловдун айтымында, өзгөчө сасык тумоого каршы вакцина сатып алууда алгылыктуу иштер жок. Андан сырткары, ал айрым дарыгерлер фармакологиялык компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп, алардын дары-дармегин бейтаптарга мажбурлап сатып жатканына токтолду.

Жетекчи Саламаттык сактоо министрлиги 23 миллион сомго 9 миңден ашык вакцина сатып алганын, бул өлкөдөгү калктын үч пайызына гана жетерин белгиледи. Исмаиловдун айтымында, сасык тумоого кабылган көп бала мектепке барбай сабагынан калып жатса, мамлекеттик кызматкерлер ишке чыкпай калган учурлар көп. Жыл өткөн сайын элдин иммунитети төмөндөп жатканы да айтылды.

Андыктан элдин 10 пайызына жеткидей вакцина сатып алуу керектигине токтолуп, алдыда дагы эки ай кыш болорун эскертти.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын башчысы өз сөзүндө дары сатууда коррупциялык иштер көз-көрүнөө болуп жатканын айтты.

"Азыр дарыгерлер бейтаптарга "дарыканага барып менин атымды атайсың, сага арзандатып берет" деп атышат. Мына коррупция кайда жатат. Келгиле, фармбарондор менен күрөшөлү. Ага убакыт келип жетти", — деди ал.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев акча жоктугунан вакцина жетиштүү көлөмдө сатып алынбай жатканын айтып, бул багытта донорлор менен биргеликте иштеп жатканын белгиледи.

Исмаилов: "Эгер акча жок болуп жатса, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүш керек. Депутаттар вакцина алууга акча бөлүүнү колдоп берерине ишенем",- деди.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Сергей Пятаков