Түшүңдө жылан көрсөң не болот?

29 декабря 2021 Түшүңдө жылан көрсөң не болот?

Көпчүлүк адамдар жыландан коркушат. “Түшүмдө жылан көрдүм” деп сөз баштагандарды көп жолуктурсаңыз керек. Жалпысынан алганда жылан адамга кас, заарлуу, уулуу жандык болуп саналат.

1. Түшүңдө жолуңду жылан кесип өтсө...

Бул түш жакшылыктын символу эмес. Алдыда коркунуч бар экенин эскертет. Душманыңыз көбөйүп, жолуңуз болбой калышы мүмкүн. Бул учурда ишеним боюнча «жаман түшүмдү жыланга бер» деп жорушкан.

2. Түшүңдө жылан кууп жүрсө, орлуп же чагып алса...

Бул түш да коркунучтун белгиси. Душмандардын тузагына түшүп калышың мүмкүн. ООзунда сөзү бар адамды таап, ага садага берип, түштү купуя кармаган жөндүү.

3. Түшүңдө босогодо же үйүңүздө жылан жатса...

Мындай түш көргөндөргө да коркунучтар эскертилет. Ыймандуу адамга түшүңдү жорутуп, түштүн садагасына кара түстүү буюм берип, шарт болсо түлөө өткөргүлө.

4. Түшүңдө жылан өлтүрүп алсаң...

Бул жакшылыктын символу. Ошондо кадыр-баркың өсөт, байлыгың көбөйөт, бак жылдызың жанат. Түштү апаңарга жоруткула.

5. Түшүңдө ак жылан көрсөң...

Анда сенин душманың мусулман болушу мүмкүн. Жакшылык тилеп, жакшы ниет кылсаң, жакшылыкка жолуң ачылат, ал душман кайра сага дос болот.

6. Түшүңдөгү жылан сага зыянын тийбесе...

Бул түш жакшылыктын жышаны. Түштү апаларга жорутуп, ак түстүү нерседен садага берген жакшы болот.

Түшүңдө жылан көрсөң ооруп калышың, досуңдун жолу болбой калышы мүмкүн деп да айтылат. Башкалар жылан көрсөң кубанычка, байлыкка маарыйсың дешет.