Он жылдан кийин эмнеге өкүнөсүз?

29 декабря 2021 Он жылдан кийин эмнеге өкүнөсүз?

Бизге жашоо бир гана жолу берилет. Демек, биздин тандоо абдан маанилүү. Алар биздин жашообузда туш болгон учурлардын негизи болуп саналат. Андыктан, он жылдан кийин алдын ала албаган көйгөйлөргө туш болушуңуз мүмкүн.

Бул жерде он жылдан кийин сизди түйшөлтө турган 5 негизги нерсе:

1) Сиздин башкалардан айырмаңыз жоктугу:

Биз баарыбыз адамбыз жана өзүбүздүн үмүтүбүздү, кыялдарыбызды, сапаттарыбызды, өзгөчөлүктөрүбүздү кабыл алуу бизди толук жашоого алып барат. Бирок, сиз башкалардай жашоону тандасаңыз, он жылдан кийин сиз:

  • Башкалардын каалоосун өзүңдөн жогору койгонуңа өкүнөсүз.
  • Алдыга умтулуп, өзгөчө экениңизди далилдегендин ордуна, көптүн бири болуп калганыңызга өкүнөсүз.
  • Өзүңүзгө ката кетирүүгө, өсүүгө жол бергендин ордуна, келесоо көрүнүүдөн коркуп, жаңы нерселерден качканыңызга өкүнөсүз.

2) Кекчилдик:

Жашообузда башкалар бизди капа кылган учурлар болот. Кээ бир адамдарды кечире албай турган учурлар да болот. Эгер таарынычыңызды таштабасаңыз, бул өмүр бою жүк болуп калышы мүмкүн. Он жылдан кийин сиз:

  • Ичиңизди өрттөгөн жек көрүү менен күрөшүп, аны бошотуунун ордуна, ичиңизде сактаганыңызга өкүнөсүз.
  • Чечилбеген маселелерге чекит коюунун ордуна баарын күнөөлөп, убактыңызды текке кетиргениңизге өкүнөсүз.
  • Жаркын келечекти түзүү үчүн иштегендин ордуна, таарынткан адамдарга таарынып, аларды күнөөлөгөннүңүз үчүн күнөсүз.

3) Сиз денеңизге маани бербейгенсиз:

Сиздин денеңиз – бул сиздин ибадатканыңыз, сергек жашоо образынан баш тартуу келечекте физикалык жана психикалык жактан зыян келтирет. Он жылдан кийин сиз:

  • Зыяндуу аракеттер менен денеңиздеги күч-кубатты жоготуп алганыңызга өкүнөсүз.
  • Денеңиз спортко ыксыз болгондуктан, ашыкча көнүгүү жасасаңыз, денеңиз ооруй баштайт.

4) Каражатыңыздын маанилүүлүгүнө көңүл бурбагансыз:

Эгер сиз кичине кезиңизден акчаны чачып көнсөңүз, келечекте каржылык эркиндикти камсыз кылуу үчүн көбүрөөк убакыт керек болот.

  • Бизнес баштоонун же жаңы пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүүнүн ордуна, кереги жок нерсеге убакыт коротконуңузга өкүнөсүз.
  • Инвестицияны эрте баштап, келечекте пайда табуунун ордуна, акчаңызды салбай койгонуңузга өкүнөсүз.
  • Карызга батып, акча чогулта албай калганыңызга өкүнөсүз.

5) Сиз жаңы нерсени үйрөнүүнү токтотуп койгонсуз:

Билим алуу мектеп же университет менен эле чектелбейт. Жашоо – бул окуу. Жаңы маалымат жана көндүмдөр жаркын келечегиңиздин ачкычы болушу мүмкүн. Эгер сиз жаңы нерсени үйрөнүүдөн баш тартсаңыз, он жылдан кийин сиз:

  • Курстар, иш-чаралар, видеолор жана китептер аркылуу билим алуунун ордуна бардык окуу мүмкүнчүлүктөрүн өткөрүп жибергениңизге өкүнөсүз.
  • Көз карашыңды кеңейтпегенге, жаңы тил үйрөнбөгөнгө өкүнөсүз.
  • Карьераңызды өркүндөтүү үчүн көндүмүңүздү, жөндөмүңүздү өнүктүрбөй калганыңызга өкүнөсүз.