Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырып, мындай окуяга күбө болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүүнү сунуштайт.
УКМК социалдык тармактарда тараган "кыргыз аткаминерлери кытай жарандарынан КР аймагында жүрүүгө уруксат берген документ даярдап берүү үчүн 15 миң доллар алган" деген маалыматты текшерди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин интернет айдыңында кызматтагы адамдар кытайлык жарандардан 15 миң доллар пара алгандыгы тууралуу сөз болгон аудио тарап кеткен.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында аудиожазуу фейк экени жана анда айтылган маалыматтар дагы чындыкка коошпой турганы белгилүү болду. Мындан тышкары, ушул сыяктуу улуттар аралык кастыкты козуткан материалдарды кимдер таратканы белгилүү болду. Алардын аракеттерине тиешелүү эккспертизадан кийин баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, кимдир бирөөнүн туткан динине, расасына карап кемсинткен адамдар Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси ("Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыктыкты козутуу") менен төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.
Андыктан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырып, мындай окуяга күбө болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүүнү сунуштайт.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков