Колдонулбай калган банктык картаны жөн эле ыргытып жибербеш керек. Себеби

28 декабря 2021 Колдонулбай калган банктык картаны жөн эле ыргытып жибербеш керек. Себеби

Финансы жаатында иш алып барган юрист Петр Гусятников банктык картаны колдонбой калгандан кийин эмнелерди билүү керектигин "Прайм" агенттигине маек берип жатып түшүндүрдү.

Алгач адис мөөнөтү өтүп кеткен же колдонулбай калган картаны жөн эле ыргытып жибербеш керектигине токтолду.

"Колдонбой калган картаны ошол бойдон эле таштандыга ыргытууга же ой келди жерге таштап коюуга болбойт. Анда эсептин номери, санариптик коддор, магниттик сызык жана голограмма сакталып калып, шылуундар бул маалыматтарды оңой эле колдонуп кетишет. Андыктан картаны майда кескилеп туруп таштоо керек", — деди Гусятников.

Ошондой эле юрист айлык акы долбоорунун алкагында картасы бар жарандарга төмөнкүдөй кеңеш берди.

"Мындай кардарлар иштен кеткен учурда долбоордон дагы чыгарылат. Демек, картаны тейлөөгө кеткен чыгымдарды андан ары өз чөнтөгүнөн төлөшү керек болот. Иштен кеткен соң ал картаны колдонбой турган болсоңуз дароо барып, арыз жазышыңыз керек", — деди адис.

Мындан тышкары, кредиттик карталарды жаптыргандар дагы өтө сак болгону жакшы. Юристтин билдиргенине караганда, кредиттик картаны жаптырган соң кардар банктан карызы жок экендиги боюнча маалым кат алып койгону жакшы. Анткени карыз катары бир сом калып калса дагы келечекте ал чоң суммага айланышы мүмкүн. Банк аны өндүрүп алуу үчүн бир нече жылдан кийин сотко кайрыла турган болсо, кардар актана албай калат.

sputnik