"Түндүк электрдин" жолдо көз жумган 3 кызматкери. Жакындары президентке кайрылды

28 декабря 2021 "Түндүк электрдин" жолдо көз жумган 3 кызматкери. Жакындары президентке кайрылды

Ишкананын үч кызматкери бир ай мурун жол кырсыгынан көз жумган. Алардын жакындары каргашага кириптер делген айдоочуну Ысык-Ата соту эртеси эле үй камагына чыгарып койгонуна нааразы. Ал эми соттон мунун себебин айтышты.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын үч кызматкеринин биринин жакындары адилеттик издеп коомчулукка кайрылды.

Эске салсак, каргаша үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында кечке маал Канттын тушунда катталган. Чүй ОИИБдин алдын ала маалыматы боюнча, Toyota Ipsum автоунаасынын 41 жаштагы айдоочусу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, автоунааны башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында УАЗ үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, машина аласалып күйүп кеткен. Анын ичиндеги "Түндүк электр" ишканасынын үч кызматкери көз жумган. Мындан тышкары, жалпы эки автоунаадагы төрт жүргүнчү жабыркап, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кийинчерээк каза тапкан кызматкерлер 57 жаштагы Айнура Көкүмбаева, 41 жаштагы Клара Алымкулова жана 52 жаштагы Төрөбек Карасартов экени белгилүү болгон.

"Түндүк электр" ишканасынын каза тапкан кызматкери Айнура Көкүмбаеванын тууганы Жеңишгүл Абдырасулова жана жакындары бул факт боюнча камалган кишини Ысык-Ата райондук соту эртеси эле үй камагына чыгарып койгонуна нааразы.

"Камалган кишинин жакындары соттор менен сүйлөшүп алса керек деген күмөн оюбуз бар. Үч киши унаада тирүүлөй күйүп кеткен! Каза болгон маркумдардын жалпы туугандары адилеттик издеп, Баш мыйзамдын кепилдиги, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоочулары катары президент Садыр Жапаровго, Жогорку сотко, УКМКга, Башкы прокуратурага арыз бердик. Биз жакындарыбыздан айрылып аза күтүп отурсак, күнөөлүүлөрдүн эртеси эле эркиндикке чыгып кетишин соттордун адилетсиздиги катары баалайбыз. Ошондуктан бардыгын мыйзам чегинде карап беришиңиздерди суранабыз", — деди Абдырасулова.

 

Мындан сырткары, алар кар жаап, жолдун тайгак экендигине карабай шайлоо боюнча чогулушка Кеминден бери кызматкерлерин чакырган "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилерине нааразычылыгын билдиришти.

"Аба ырайы бузулуп жатканда жолго чыгарышканы аз келгенсип, техникалык талаптарга жооп бербеген УАЗ кызматтык унаасын айдап жүрүшкөн. Ал эски болгону үчүн күйүп кетип жатпайбы. Туугандарыбыз буту-колу сынса дагы аман калат беле... Күйүп кеткендерин элестетип өзүбүзгө келе албай жатабыз, кочуштап дары ичип калдык", — деди маркумдун тууганы.

Чүй облустук сотунун маалымат катчысы Байыз Байказы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айдоочу 17-январга чейин үй камагына чыгарылганын тастыктап, анын себебин түшүндүрдү.

"Соттун аныктамасы боюнча айыпталуучунун жашы жете элек үч баласы бар экени аныкталып, туруктуу жашаган жери (Пригородное айылы) көрсөтүлгөн. Тагыраагы, ал сот-тергөө амалдарынан качпай турганы белгилүү болгон. Үй камагына чыгарууга прокурордун жардамчысы сунуш берген", — деп билдирди облустук соттун маалымат катчысы.

Ал маркумдун жакындары айыпталуучунун баш коргоо чарасына гана нааразы болуп жатканын, иш али тергелип бүтүп сотко өтө электигин белгиледи.

sputnik.