Жеңесине үйлөнгүсү келгенин айткан көлдүк жигит бул оюн үй-бүлөсүнө кантип айтууну билбей жүргөнүн айтат. “Өзү менен сүйлөштүм... “Ойлоноюн” деди. Баласы чоочун эмес, өз агамдын баласы. Байке дейт, барсам сүйүнүп кетет. Мен өз баламдай жакшы көрөм. Азыр агам менен ата-энем эмне дешет экен, ушуну кантип чечсем деп жүрөм”, - деген Атай жеңеси менен болгон мамилесин айтып берди.
- Башында ал менин сүйлөшкөн кызым болчу. Айылга көп келген жээн кыз эле. 7-8-классты биздин айылда окуган, ошондон бери ашык болдум. Бирок, бала кездеги сүйүүмдү кыз бойжеткенде да айта албадым. Сырттан анын кайда окуп жатканын, жашаган жерин билчүмүн. Майрамдарда өзүмдү жашырып, 3-4 жолу гүл жөнөткөн учурларым болгон. Мен аны күттүм. Көздөрүнөн мени жактырарын билчүмүн.
Окуусун бүтүп алсын, анын үстүнө аскерден келген агам үйлөсүн деп өз жолумдун ачылышын күтүп жүрдүм. Бирок, агам менин сүйүктүүмдү алып качып келет деп ойлогон эмесмин. Аны билгендей, андан бир жума мурун агам менен таарынышып кетип, шаарга кетип калган эмес. Апам чалып, агам келинди алып келгенин айтты. Сүйүнүп тойго барарымды айттым.
Кечинде айылдагы досум чалып жеңем ким экенин айтканда жүрөгүм токтоп калгандай болду. Мен сүйүп, ашык болуп жүргөн Айзирек экен.
Айылга куш учкум келсе да, алардын тоюна барбадым. Тун уулуна ата-энем чоң той өткөрүп беришти. Той боло турган күнү мени Ошко иш сапарына жиберишкендиктен, агамдын кубанычына ортоктош боло албадым. Бир чети иш сапарга чыкканыма сүйүндүм. Жеңемди ошол жылдын Жаңы жыл алдында гана көрдүм.
Кош бойлуу, бир көзү көгөргөн Айзиректин бактысыз жүзүн көрүп, агамды жакасынан алгым келди. Бир жуманын ичинде агамдын ичип келерине, жеңемди төпөштөрүнө, апамдын экөөн карап уктай албай чыгарына, атамдын агамды күндө эртең менен урушканына күбө болдум. Биздин үй-бүлөдө жагымсыз абал орун алыптыр. Инимдин окуусуна кабатыр болгон ата-энемди аядым.
Таяк жесе да унчукпай жүргөн Айзиректин абалына ичинден ыйладым. Андан бир жыл айылга келе албай, жумушка баш отум менен кирип кеттим. Экинчи келгенде агам ажырашып кеткенин, Айзирек уулу менен кетип калганын билдим. Апам ыйлап, атам үшкүрүнүп алды. Бирок, агам бир айдан сон үйге башка келин алып келди.
Чынын айтсам, агам ажырашып кеткенине мен гана кубандым. Азыр Айзирек да шаарда турат. Мен аны менен байланышып турам. 4 жаштагы уулу мени жакшы тааныйт, кээде чогуу сейилдеп келебиз. Ажырашкандан бери мурдагыдан сулуу болуп кеткен, кесиби боюнча иштеп жатат. Апасы менен батир жалдап турат. Кээде акчалай жардам берем.
Жакында ага үйлөнгүм келерин айттым. Каршы болгон жок, ойлоноюн деди. Ата-энем кандай кабыл аларын билбейм. Мен аларды кыйынгым келбейт, бирок жашоо меники да. Ал үчүн агам мени үйгө киргизбей турганын да билем. Бирок, мен өз жашоомду, тагдырымды тандадым. Айзиректин да бактылуу болууга акысы бар, мен да жүрөгүм сүйгөн адамга үйлөнгүм келет, - дейт Атай.