Көздү байка. Холестерин көп экенин 4 симптомдон билүүгө болот

27 декабря 2021 Көздү байка. Холестерин көп экенин 4 симптомдон билүүгө болот

Британиялык дарыгер Дебору Ли холестерин жогору экенин төрт симптомдон билсе болорун айтты. Бул тууралуу Daily Express басылмасы жазды.

Медик холестерин жогору экени анализдерден аныкталарын, бирок төрт нерсеге көңүл буруу керектигин эскертти.

Биринчиден, көздүн айнек челинин тегереги бозомтук болуп тунарат. Көбүнчө бул карыганда пайда болот, бирок 40 жашка чейин байкалса холестеринди каратуу керек.

Ошондой эле көздүн астыңкы жана үстүңкү сурмаларында тоголоктошкон ак сары өңдөгү майлар (ксантелазма) топтолот. Мындай майлар мурун, тизе, чыканактарда да пайда болушу мүмкүн.

Холестерин жогору экенин колдун аты жок менен чыпалагынын кыймылын жөндөгөн тарамыштардын ткандарынын ашыкча өсүп кетишинен билүүгө болот. Муну медицинада Дюпюитрендин контрактурасы деп коюшат. Алардын кийин түздөлүшү да кыйын болот.

Мындан сырткары, тамырдын согушуна көңүл буруп, начарласа медиктерге кайрылуу керек.

Дарыгерлер холестериндин деңгээлин турукташтыруу үчүн каныккан майларды, атап айтканда, ак май, майлуу эт, жумуртка жана сырды азайтууну сунуштаган.

sputnik