Диетолог жана нутрициолог Надежда Цапкина РИА Новостиге мандариндин пайдасы менен зыяны тууралуу айтты.
Дарыгер белгилегендей, бул жемиш кальций, магний, калий, D, K жана B витаминдерине бай. Андагы клетчатка ичеги-карындын ишин жакшыртып, С витамини иммунитетти бекемдейт.
"Цитрус жемиштери вирус менен күрөшүүгө жардам берип, курамында биофлаваноиддер менен бета-каротин антиоксиданты болгондуктан, рак ооруларынын пайда болуусун алдын алат", — деген адис.
Мандарин пайдалуу делген менен дарыгер аны ашыкча колдонуудан этият болууну эскерткен. Көп жеген учурда боорго күч келип, аталган органда көйгөй жаралышы ыктымал. Диетолог күнүнө 4-5 мандарин жетиштүү экенин белгилеген. Аллергиясы, гастрит оорусу барларга да аны абайлап колдонуу сунушталган. Азык ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт.