Миллионер баланы кантип тарбиялоо керек? Илон Масктын апасынан кеңеш

27 декабря 2021 Миллионер баланы кантип тарбиялоо керек? Илон Масктын апасынан кеңеш

Илон Масктын апасы Мэй тиран күйөөсү менен ажырашып, 3 баласын жалгыз өзү 5 жумушта иштеп баккан. Апасынын иштегинин көргөн баласы да эмгекчил болуп чоңойгон. Аны миллионер кылган нерсе – эмгекчилдик.

1. Эмгекке аралыштыр, жумша

Жалкоо адамдын жашоосу өзгөрбөйт, эмгекчил адам бир нерсеге жетишпей койбойт. Бекеринен “адамды адам кылган – эмгек” деп айтылбаса керек. Ошондуктан, биринчи кезекте баланы эмгекке үйрөтүү керек. Үй жумуштарына аралаштырып, жумшаш керек. Психологдор үй жумуштары менен бала кезинен бери алектенип, бош убактысы жок балдар чоңойгондо ийгиликтүү болоорун аныкташкан.

Мэй балага үлгү болуу менен бирге аны эмгекке тартуу маанилүү экенин айтат. «Мен Торонто университетинде иштегем, мода курсунан тышкары туура тамактануу боюнча мастер-класстарды өткөрдүм. Балдарымдын тамак-ашы, кийим-кечеси, батир акысы баары менин мойнумда болгондуктан эс алган жокмун. Балдарым мени эмгекчил эне катары билишет, ошондуктан өздөрү да эмгекчил», - дейт. Анын көп айткан сөзү: «Канчалык көп иштесең, ошончолук ийгиликке тез жетесиң».

2. Баладан чоң адамды көрө бил

Баланы жаштайынан өз жашоосу үчүн жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү зарыл. Бул үчүн баланын үстүнө үйрүлүп түшүп, колунан жетелөөнү токтотуңуз. Басып, сүйлөй алабы, кийингенди, жегенди, оюнчуктарды чогултканды үйрөнсүн. Ата-эне бардык балдарына чоңдордой мамиле кылыш керек. Мэй балдарын ушундай ыкма менен тарбиялаган.

«Мен эч качан балдарымдын үй тапшырмасын жана окуудагы жетишкендиктерин катуу көзөмөлдөгөн эмесмин. Мен жөн гана ар ким өзүнүн окуудагы жетишкендиктери үчүн жооп берерин, келечек адамдан көз каранды экенин эскертип турар элем. Кесип тандоодо кеңеш бергеним болбосо, окуу жайды тандоону, кабыл алуу үчүн керектүү документтерди чогултуп, тапшырууну аларга тапшырдым. Мен аларга кичине кезинен эле чоң адамдардай мамиле кылчумун, аларга ишенчүмүн», - дейт Мэй.

3. Чолчоңдотпо!

Илон Масктын апасы баланын ою менен болуп, айтканын аткаргандар менен макул эмес. Баланын жыргал, жеңил жашоосу үчүн шарт түзбөш керек дейт. Анын айтымында, бала чыныгы жашоо кандай экенин көрүп, билип чоңоюшу керек. Бала жаркын келечекке умтулуп, ага жетиши керек. Сизден болгону колдоо, жол көрсөтүү, тартипке, тазалыкка үйрөтүү керек.

Балалыгы жетишпеген жашоодо өткөнүнө карабай, атактуу уулу Илон, кичүү уулу Кимбал (The Kitchen ресторандарынын ээси) жана кызы Тоска (Голливуддук режиссёр, продюсер) көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен.

Бул миллионерге бала тарбиялоо үчүн чоң үй же кымбат кийимдин кереги жок экенин көрсөтүп турат.

ernur.kz