"Ысык-Көл" эмнеге бузулуп жатат? Президенттин иш башкармалыгынын түшүндүрмөсү

24 декабря 2021 "Ысык-Көл" эмнеге бузулуп жатат? Президенттин иш башкармалыгынын түшүндүрмөсү

Бүгүн эртең менен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин иш башкармалыгы "Ысык-Көл" мейманканасы эмне себептен бузулуп жаткандыгын түшүндүрүп берди.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

"Ысык-Көл" мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай турат. Эскилиги жетип, авариялык абалда эле. Имаратты мындан ары колдонуу мүмкүн эмес. Атургай ал айланадагылардын жашоосуна коркунуч келтирип жаткан. Айланасы тосулганына карабай, аймагына шаардыктар кирген учурлар болот. Ал эми имарат кайсы учурда болсо дагы урап калышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле башкармалыктан "анын реконструкциясына жаңы имарат кургудай эле каражат кетерин" айтышты.

127 чарчы метр аянтты ээлеген имарат Бишкектин түштүк аймагынан орун алган. Бийлик 2016-жылы мейманкананы толугу менен оңдоп-түзөө үчүн 65 миллион доллар салууну пландаган. Бирок долбоор ордунан жылбай токтоп калган.

sputnik