Бул сырды курбуңузга да айтууга болбойт

24 декабря 2021 Бул сырды курбуңузга да айтууга болбойт

Үй-бүлөлүү аялга курбунун эмне кереги бар” деген сөздү угуп келебиз. Көбүнчө күйөөдөн. Кээде кайненеден... «Кез-кезде сыр бөлүшө турган курбуң болсо, эмнеси жаман?» - деп ачык айта албасак да, нааразычылык билдиребиз. Курбу менен үй-бүлөнүн ортосундагы чек араны билбесең, чындап эле жаман болот... Эгер бул аялдардын ортосундагы байланыштын үй-бүлөгө тийгизген таасири анчалык деле чоң болбосо, бул сөздү козгобойт элек.

Таттуу болсо – достук кымбат

Керек кезде моралдык колдоо көрсөткөн, сырыңды бөлүшкөн курбунун аялга кереги жокпу? Керек, албетте! Психологдор айрым үй-бүлөлөрдүн бузулушуна аялдын курбулары менен чер жазышпаганы себеп болгонун айтышат. Анткени, акыл айтып, колдоо көрсөтүп, ичине батпай баратканда сөзүңдү угуп, жаныңда болот. Ошондо күйөөлөрдүн мээсин ачыбайт, аялдар "көп сүйлөйсүң" деген сөздү укпай калат.

Курбу жана үй-бүлө

Кээде сени жакын курбуң гана түшүнөт, ошондуктан сен аны издейсиң. Ошондуктан, аны сыйлап, андан алыстабаш керек. Ал эми үй-бүлө башчысы курбу менен мамилени токтот десе, жакшылап ойлонуш керек. Мындай учурда жолдошуңуз менен чогуу жүргөн жерден курбу тапса болот. Күйөөңүздүн досторунун аялдары, кайын сиңди, келиндер ж.б. Балким, ишене турган курбу табалар. Анткени, курбу канчалык жакын болсо да, үй-бүлөңүзгө зыян келтирбеши маанилүү. Күйөөнүн сөзүнө кулак салган жакшы.

Чыныгы курбу деген ким?

Күйөөңө таарынганда сени колдоп, аны жамандаган курбу керекпи? Жок. Чыныгы курбу - "Ал эркек да. Сиз андан бир нече кадам төмөн болуп кой. Табияттын мыйзамы ушундай. Андан кечирим сура", - деп кеңеш берет. Чыныгы курбу сага кошулуп жамандабайт.

Курбугу да айтпай турган сырлар бар

Жогорудагы талаптардын баарына жооп берген курбу болсо – бирөө болот. А баарлашкан, пикир алмашкан курбулар көп. Андыктан, «курбум да» деп өзүңүздү ачыкка чыгаруудан этият болуңуз. Бир нече курбу кыздар менен баарлашууда төмөндөгүлөрдү айтпаңыз:

  • Күйөө менен болгон ынак мамилени (көйгөйлөр, мактана турган нерселер экөөңөргө гана тиешелүү)
  • Күйөөсүнүн кемчиликтери
  • Жубайдын айлыгы, үй-бүлөнүн каржысы
  • Кайнене менен болгон мамиле
  • Үйдөгү талаш-тартыштар, түшүнбөстүктөр
  • Жакында сатып алган же сатып алууну пландаган баалуу буюмдар
  • Кызматтагы жетишкендиктер
  • Жолдошуңуздун жакындары жана достору жөнүндө

ernur.kz