23 декабря 2021
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Жунусов бул кызматка 2018-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ага чейин Түркиядагы элчи болуп иштеп келген.