Жер төлөдө кармаган. 9 жаштагы Сумаяны өлтүрдү деген киши кармалды

23 декабря 2021 Жер төлөдө кармаган. 9 жаштагы Сумаяны өлтүрдү деген киши кармалды

Жалал-Абад облусунда тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектүү адам кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуучу кыз Сузакта 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал 10 күн бою изделип, сөөгү Арал айылына жакын Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Маркум акыркы сапарга узатылгандан кийин милиция ишти "Киши өлтүрүү" беренесине өзгөрткөн.

Кылмышка шектүү катары 48 жаштагы Сузактын У.А. аттуу тургуну кармалды. Алынган маалыматтар боюнча, шектүү үй-бүлөсү менен ажырашып, жалгыз жашаган адам болуп чыкты.

ИИМдин алдын ала маалыматына ылайык, кармалган адам Сумаяны аңдып, алдоо жолу менен үйүнө алып келген.

"Шектүү бир канча күн бою кызды үйүнүн жер төлөсүндө кармаган. Ал балага зөөкүрдүк көрсөтүп, скотч менен байлап, суукта кармаганы боюнча тастыкталган далилдер бар. Бир нече күндөн соң Сумая каза болуп калган. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү сөөктү түнкүсүн алып чыгып, дарыянын жээгине таштап салган. Кийимдерин жана китеп-дептерлерин өрттөп салган", — деп билдирди милиция.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

sputnik