Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

23 декабря 2021 Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, ишемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болсо, жекшембиде айрым аймактарга жаан, кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Чүй облусунда ишемби, 25-декабрда, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 8...10 градус жылуу болсо, жекшембиде жаан жаап, абанын температурасы 0...5 градуска чейин төмөндөйт. Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 7...9 градуска жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы ишембиде жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 15 градуска чейин жылыса, жекшембиде күн сууктап кар жаай турганы божомолдонду. Абанын температурасы 0...5 градуска төмөндөйт.

Нарын, Ысык-Көл облусу

Нарын менен Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү жаан-чачын жаабай турганы айтылды. Нарында абанын температурасы -1...-6 градус болот.

sputnik