Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү бүтүп, бүгүн акыркы жыйналышын өткөрүп кетти. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эл өкүлдөрүнөн кетип жатып эмнеге өкүнүп жатканын жана мындан ары эмне менен алектенишерин сурады.
Кээ бир парламентарийлер эч бир нерсеге өкүнбөй турганын айтышты. Сайдулла Нышанов бул чакырылыш мөөнөтүн бир жыл ашыгы менен иштегенин белгиледи. Ал эми Наталья Никитенко кесиптештери парламентти көзөмөл функциясынан ажыратып койгонун өкүнүү менен билдирди. Айсулуу Мамашова демилгелеген мыйзамдары өтпөй, кээ бири аягына чыкпай калганына өкүнөт.
Депутаттыктан кеткенден кийин Евгения Строкова репетитор болорун айтты. Айрымдарына түрдүү кызматтар сунушталганы маалым болду. Башкалары үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл буруп, Жаңы жыл тосуп эс ала турганын билдиришти.