Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

23 декабря 2021 Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Атом электр станциясын куруу боюнча сунуш Россия, Кытай жана америкалык эки компаниядан түшкөн.

Казакстан Алматы облусуна атомдук электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Билдирмеге караганда, курулуш үчүн Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагы каралып жатат. Бул жер Бишкектен 342 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Улуттук "Самрук-Казына" байгерчилик фондунун төрагасы Алмасадам Саткалиевдин айтымында, улуттук электр түйүндөрүнүн топографиясы менен алып караганда, бул ыңгайлуу жер болуп саналат.

"Ал жакта 500 киловольттук тармактуу линия жана Түштүк-ГРЭСС 500 подстанциясы бар. Бул жер кыйла ыңгайлуу. Анда базалык кубаттуулук жайгаштырылса, Түндүк — Түштүк линиясы боюнча электр энергиясынын транзити турукташат. Кийин аны Борбордук Казакстанга бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот", — деген Саткалиев.

Атом электр станциясын куруу боюнча сунуш Россия, Кытай жана америкалык эки компаниядан түшкөнү кошумчаланды.

sputnik