Бир жаштагы бала өз атасын атып өлтүрдү

23 декабря 2021 Бир жаштагы бала өз атасын атып өлтүрдү

АКШнын Джорджия штатында бир жашар бала үйүнөн атасынын тапанчасын таап алып, ата-энесине карай ок чыгарган.

Кырсык үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары үйдө отурган учурда болгон. Баланын 25 жаштагы атасы ооруканага жеткирилгени менен, бирок дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.

Полиция окуяны трагедия катары баалады. Кимге айып тагылары азырынча белгисиз.

montrealex