“3 жашымда салганым эсимде”: Кыз 20 жыл бою мурдунда мончок жүргөнүн билген эмес

23 декабря 2021 “3 жашымда салганым эсимде”: Кыз 20 жыл бою мурдунда мончок жүргөнүн билген эмес

Интернет желесинде Ханна деген кыз бала кезинен бери таноосуна мончок тагып жүргөнүн мойнуна алган. Бирок, мончок ушул убакыт аралыгында ичинде түшүп калган деп ойлоп жүргөн.

"Сиз кичинекей кезиңизди, үч-беш жашыңызды билесизби? Өзүңүз эстейсизби же ата-энеңиз айтып берген боюнчабы? Мен үч жашымда мурдума мончок салганымды билем, ошол менен мурдумдун таноосуна туруп калыптыр", - деп жазган.

Ханна бул окуя тууралуу ошондо эч кимге айтпаганын жана мончок тууралуу бат эле унутуп калганын баса белгилейт.

Жакында кыздын мурун көңдөйүндө инфекция пайда болгон. Мурдунун оң таноосу такыр бүтөлүп калат. Ханнанын мурду ачылбай, катуу ооруп жатканын сезет. Ошондо кыз медициналык камера аркылуу мурун көңдөйүн текшерип, акыры көк мончок таап алган.

"Акыры чыгардым. Аябай ооруду, бирок 20 жылдан бери мурдумда жүргөн көк мончок акыры алынып салынды. Мен мурдумдагы мончок менен 20 жыл жашаптырмын, бул тууралуу билбей жүрүптүрмүн", - дейт Ханна.

Ханнанын интернеттеги видеосу 10 миллиондон ашык көрүүчү, 1,8 миллион лайк жана 24 000 комментарий топтогон.

stan.kz