Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов "Альянс" партиясындагы мандат талаш маселеси боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
Мандат маселеси Токтобүбү Оргалча менен Жанар Акаевдин ортосунда чыккан көйгөй эмес. Алардын ордунда башка талапкерлер деле болуп калышы ыктымал эле. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Эл арасында биздин партиянын эки талапкеринин ортосунда мандат үчүн пикир келишпестик жаралгандай көрүнүш пайда болуп калды. Чынында алардын ордунда башкалар болушу деле мүмкүн эле. Бул жерде мүчүлүштүк Борбордук шайлоо комиссиясынан кетти. Анткени аталган мекеме шайлоого чейин эгер кайсы бир партия жети мандатка ээ болсо, анын экөө квоталык талапкерлерге бөлүнсүн деген жобону кабыл алган. БШКнын юристтери иштеп чыгып, аталган жамааттык уюм баары бир добуштан колдоп беришкен. Өзүңүздөр билгендей математикада деле алтын эреже бар. Анда көрсөткүч 2,5 пайыздан аз болсо ылдыйга, 2,5 пайыздан ашса толук үч болуп эсептелет. Бул көз караштан алганда жети мандатка 2,1 квоталык орун болуп эки аял депутаттын келиши мыйзамга туура келүүдө. Бирок БШК шайлоо өткөндөн бир күндөн кийин өздөрү кабыл алган жобону өзгөртүшөт. Биз мына ушуга нааразы болуп сотко кайрылганбыз. Мындай көрүнүш бардык эле партиялар ичинде болуп калышы ыктымал", — деди Сулайманов.
Ал учурда БШК Жогорку сотко кайрылуу укугуна ээ экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен квота бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болгон. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээлеген. Ал эми "Альянс" партиясы сотко кайрылып, жыйынтыгында Бишкек административдик соту 21-декабрда Жанар Акаевге мандатын кайтарып берди.