"Омикрондон" сасык тумоону кантип айырмалоого болот. Адистин түшүндүрмөсү

22 декабря 2021 "Омикрондон" сасык тумоону кантип айырмалоого болот. Адистин түшүндүрмөсү

Коронавирустун "омикрон" штаммынын белгилери сасык тумоого окшош болгондуктан аны айырмалоо кыйыныраак болот деп жазды РИА Новости Тhe Sun басылмасына таянып жарыялаган маалыматта.

Макалада ооругандардын саны күн сайын өсүп жаткандыктан "омикронду" көп учурда ПЦР-тесттин жардамы менен аныктоо негизги ыкмалардан болуп калды. Британиялык вирусолог Лоуренс Янгдын айтымына караганда, сасык тумоо менен ооругандардын төрттөн бири чындыгында эле "омикронду" жуктуруп алган.

"Алар (симптомдор — ред.) көп учурда бири-бирине туура келип калат, бирок сасык тумоо жайыраак башталат. Ал эми "омикрондо" баш ооруп, адам чарчай берет", — деген ал.

Дарыгер сасык тумоо бир нече күнгө чейин кармаларын кошумчалаган.

Буга чейин Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко "омикрон" штаммынын белгилери сасык тумоого окшош экендигин: тамак ачышып, адамдын эти бир нече күнгө чейин ысып, булчуңдар ооруп жана интоксикациянын жалпы белгилери байкаларын айткан.

Эске салсак, ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга эрте экени айтылат.

Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган.

sputnik