Милиция жубайлардын өлүмү боюнча эки версияны карап жатат. Алгачкысында алар суукка тоңуп калган делсе, экинчисинде газга ууланып калышы мүмкүн экени айтылууда.
Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы гаражда жубайлар каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү Ат-Башы райондук милициясына Баш-Кайыңдыда аял менен эркектин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.
Ошол замат жерине ыкчам-тергөө тобу барып, айылдагы гараждын ичинде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаадан 39 жана 38 жаштагы жубайлардын сөөгүн көргөн.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, алар суукка тоңуп калышкан. Эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция дагы бир версияны карап жатат. Ага ылайык, маркумдар автоунаанын газына ууланып каза болушу мүмкүн.
Жубайлардын артында беш баласы калды. Улуусу 16, кичүүсү эки жашта. Ушу тапта алар кимдин колуна өтөрү каралып жатканын райондук администрация билдирди.
Кошумча маалымат берилери айтылды.