Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт

21 декабря 2021 Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт

Ордо калаада пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, завод шаардын чыгыш өнөр жай зонасында жайгашып, аны "Begreen Бишкек Экология" ишканасы ачкан.

"Өндүрүш пластикти чогултуп кайра иштеткенден сырткары, синтепон сымал сапаттуу продукт чыгарууну пландоодо", — деп айтылат маалыматта.

Заводду иштете баштаган ишкана шаар ичине 530 экологиялык урна орноткону кошумчаланды.

sputnik