COVID жуктурган бейтап кайсы убакта бат көз жумат? Адистин түшүндүрмөсү

21 декабря 2021 COVID жуктурган бейтап кайсы убакта бат көз жумат? Адистин түшүндүрмөсү

Коронавирус жуктурган бейтаптын өпкөсү жабыркаса жана ал дарыланбай жүрө берсе бат эле көз жумушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Россия элдеринин достугу университетинин инфекциялык оорулар кафедрасынын доценти Сергей Вознесенский айтып берди.

"Вируска кабылган адамдын өпкөсү жабыркап, ага карабай ооруканага барбай жүрө берсе тез эле каза табышы ыктымал. Салыштырмалуу айтсак, бейтаптын абалы оор кезде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырса өлүм кечирээк келет. Бирок оорусу өтүшүп кеткендин баарында жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк жок дегенди билдирбейт", — Вознесенский.

Ал өлүм учурлары көптөгөн факторлордон көз каранды экенин, аларга оорунун канчалык деңгээлде оор өтүшү, бейтап качан ооруканага алып барылганы, дарылоонун туура же туура эмес жүргүзүлгөнү, кошумча кандай илдеттери болгону жана башка факторлор кирерин белгилеген.

Ошондой эле дарыгер ар кандай илдет ар башкача өтүшөрүн айтты. Маселен, өпкөнүн курч кармаган дистресс синдрому өзү тууралуу бат эле кабар берсе, анын бактериялык-инфекциялык түрү 10-14 күндөн кийин билинет.

sputnik