Саламаттык сактоо министрлигинин Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Сатарова кант диабетинин белгилерин санап берди.
Ал аталган дарт бир нече түргө бөлүнөрүн айтып, өлкөдөгү бейтаптардын көбү экинчи тибине кабыларын белгилеген.
"Ашыкча салмак, кыймылдын жоктугу, тукум куучулук экинчи типтеги кант диабетин шарттайт. Ал эми биринчи типтеги кант диабети менен 30 жашка чейинки жаштар ооруйт. Буга генетикалык өзгөчөлүк себеп болот. Ошондой эле ооруга стресс, депрессия, вирустук инфекциялар, вакцина жана коронавирус да терс таасир этет. Мындай бейтаптардын уйку безинде инсулин жок болот", — деген дарыгер.
Эндокринолог аталган дарттын сейрек белгилерин да атап өткөн.
"Жогоруда санап өткөн факторлордон тышкары биринчи типтеги кант диабетинде адамдын оозу кургап, бат-бат заара ушатып калат. Анан көбүнчө аял кишилер гинекологго кайрылган убакта диабетке чалдыкканы аныкталып, оорусун билет. Ал эми экинчи типтеги кант диабетинде бейтап үч-төрт жыл билбей жүрө бериши мүмкүн. Тилекке каршы, бейтаптар бизге оору өрчүгөндө гана келишүүдө", — деген ал.
Дарыгер кант диабети биринчи кезекте көздү, бөйрөктү, бутту, жүрөктү талкалай турганын кошумчалаган.
Эндокринолог Дилбар Сатарованын толук маегин Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.