Дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрдө азыр даарат кагазы колдонулбайт. Анын ордуна биде (унитаздын жанына же аны менен бирге орнотулган, жыныс органдарын жууган атайын кичинекей ванна) колдонулат. Мунун себеби эмнеде?!
Дарыгерлер жеке гигиена тууралуу сөз кылып жатканда даарат кагазын кантип сактоо керектигин да түшүндүргөнү эсиңиздеби? Заңдагандан кийин кагаз менен алдынан артын көздөй сүртүү – жыныстык органдарын таза кармоонун, аларга инфекция түшүрбөөнүн бир жолу.
Сергек жашоонун жана коомдук саламаттыктын кичинекей бөлүгү катары даарат кагазынын зыяны тууралуу сөз кылабыз.
Бул тууралуу дүйнөлүк дарыгерлер жана изилдөөчүлөр эмне дешет?
Вокхардт ооруканасынын дарыгери Тарик Пател: «Суу менен жуу - даараттан кийин тазалыкты сактоонун эң ыңгайлуу жана пайдалуу жолу. Сууну колдонуу менен адам заңдын калдыктарын толук тазалай алат. Ал эми кагаз бул муктаждыкты толук канааттандырбайт. Даарат кагазы жуугандан кийин кургатуу процессине гана керек”, - дейт.
Ошондой эле, чет элдик адистер да балдарга даарат кагазынын ордуна нымдуу салфеткаларды колдонууну сунушташат.
Кандай коркунучу бар?
Дарыгерлердин айтымында, даарат кагазы менен бат-бат аарчып туруу көтөн чучуктун айланасындагы жумшак териге зыян келтирет. Кагаздагы зыяндуу заттар жаракатка кирип, исиркектерге жана башка жагымсыз абалга алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле, бактериялар көбөйүп, дарыланбай койгондо жыныс органдарына кирип кетиши сейрек эмес. Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын көбү инфекциялардан пайда болоорун эске алсак, жыныс жана заара чыгаруу жолдорунун инфекцияларынын себептеринин бири даарат кагазын колдонуу экени талашсыз.
Албетте, даарат кагазынын сапатына келгенде кеп башка. Бул жерде да ар кандай макулатурадан иштетилген кагаздын ден соолукка кооптуулугу жогору экени белгилүү. Эксперттер айрыкча иштетилбеген бөлүктөрү бар болсо кагазды такыр колдонбоону сунушташат. Анткени, гезит-журналдардан, китептерден же башкалардан жасалгандыктан, анын боёгу атайын химиялык заттар менен кетирилет. Бирок, толук тазаланбаса, химиялык заттар жыныс органдарына кирип, чоң зыян келтириши мүмкүн. Өзгөчө хлор жана цинк менен иштетилген кагаздар ден соолукка зыян экени аныкталган.
Ден соолугуңузду ойлосоңуз, эч кандай иштетилбеген таза кагаздан жасалган даарат кагазын тандап алганыңыз оң (албетте, кымбат экени белгилүү). Ошондой эле, көп катмарлуу, аппак кардай түрүн тандасаңыз, ден-соолукка зыяны азыраак болот. Мүмкүн болсо, заңдагандан кийин жуунуу ден соолукту сактоого кепилдик берет.