Россиянын Свердлов облусунун Березовский шаарындагы №2 мектептин 6-классында болгон окуя видеого түшүп калган.
Мектеп окуучуларынын айтымында, чыр-чатактын чыгышына баланын бардык классташтары дептерлерин тапшырып жаткан учурда телефондо отурганы себеп болгон. Мугалим өзү келип, дептерди алып кетет. Ошондон кийин өспүрүм мугалиминин столуна келип, дептерди кайтарып берүүсүн айтып, «сен» деп сүйлөйт. Буга ачуусу келген мугалим дептерди айрып, «мага сенин да, сенин дептериңдин да кереги жок» деп окуучуну беттен ары чаап жиберет.
Окуучулардын ата-энелери мугалим тарапта. Социалдык түйүндөрдө ата-энелер: «Мурдагыга караганда азыр тарбия башкача, окуучулар сабактарды үзгүлтүккө учуратып жатышат”, - деп жазышкан.
"Эч кимди сыйлабаган, идеалы жана баалуулуктары жок баланы кантип тарбиялаш керек? Абал оор, байкуш мугалимдер", — дейт жергиликтүү тургундардын бири.
Мектеп окуучуларынын ата-энелери да мунун баарын окуучулар атайын уюштуруп тартып алган чагымчыл видео деп баалашкан. Окуу жайдын директору Светлана Колпакова абал боюнча комментарий берген.
"Бул бала менен болгон ызы-чуу биз үчүн жаңылык эмес. Баарын сабырдуулукка чакырып, ишибизди андан ары улантабыз", - деди мектеп жетекчиси.