Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу кино тартылды

20 декабря 2021 Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу кино тартылды

КТРКнын алдындагы "Кыргызтелефильм" студиясы Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартты. Бул туурасында киностудиядан кабарлады.

Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов тасманын сценарийин жазып, режиссёрлук кылган.

Аннотациясында көрүүчүлөр уникалдуу адам жөнүндө көптөгөн кызыктарды биле алары жазылган. Ал спортчу жана көрүнүктүү машыктыруучу катары бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги жеңиштерге жеткен, өз жашоосунун жеңүүчүсү катары көрсөтүлөт.

"Күрөш залы Нурбек Изабековдун көңүл ачуучу жайы, жумушу жана жашоосу болуп калды. Бүгүнкү эл аралык масштабдагы жылдыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы — машыктыруучунун тер төккөн эмгегинин, оор, ошол эле учурда бактылуу жолунун жемиши. Албетте, мында командасынын ар бир мүчөсүнүн салымы бар", — деп "Кыргызтелефильмден" белгиледи.

Даректүү тасма жакынкы күндөрү КТРКнын эфиринен көрсөтүлөт.

sputnik