Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. УКМКнын ага доосу жок экени айтылды

20 декабря 2021 Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. УКМКнын ага доосу жок экени айтылды

Мурдагы президент Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акаев Кумтөр иши боюнча сурак берип чыккан, УКМК ага доо койгон жок.

"Аскар Акаевич кечээ учуп кетти. Анын иш-аракеттеринде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупция аныкталган жок. УКМКнын биринчи президентке карата дооматы жок", — деди Талгарбеков.

УКМК бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, тунгуч президент 14-декабрь күнү таңга маал Бишкекке учуп келгени маалым болгон. Ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга сурак берди.

Ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.

sputnik