Аялдардагы бир проблема: “Мурутту” лимон менен “кетирүүгө” болот

20 декабря 2021 Аялдардагы бир проблема: “Мурутту” лимон менен “кетирүүгө” болот

Алгач аялдардагы көздүн кыжырын келтирген муруттун эмне себептен пайда болорун карап көрөлү. Бул ар бир аялда бар. Себеби, бул түктөр негизинен коргоо кызматын аткарып, дененин терморегуляциясын калыбына келтирет. Кээ бир аялдарда ал дээрлик байкалбайт, же тескерисинче даана байкалып турат. Эриндин үстүндөгү түктөр ар бир аялдын табиятына, чачынын түсүнө жана тыгыздыгына жараша чыгат.

Бул генетикалык, тукум куучулук болушу мүмкүн. Кээде аялдын “мурутунун” пайда болушу генетикалык эмес, организмдеги гормоналдык бузулуулардан да болот. Кандай болгон күндө да “мурутту” курч устара менен кырууга шашпаңыз. Анткени, медициналык кароодон өткөндөн кийин мүмкүн болгон дары-дармектердин жардамы менен жагымсыз көрүнүштөн арылуунун жолун таба аласыз.

Мурут тоналдык крем же помада сүйкөгөндө даана көрүнүп калат. Ошондуктан, косметологдор бул көйгөйдү чечүү үчүн бир нече ыкмаларды колдонушат.

1. Электропиляция. Бул процедура оорутпайт, анткени алсыз ток атайын жабдуулардын жардамы менен чачтын фолликулдарына таасир эте баштайт. Эки мүнөттө бир тал гана "мурут" иштелип чыгат. Андыктан “мурутту” толук алып салуу үчүн бир нече сеанстан өтүү керек.

2. Фотоэпиляция. Бул "муруттан" арылуунун абдан эффективдүү жана узакка жете турган ыкмасы. Сеанс 5-10 мүнөттө аяктайт. Процедуранын көптөгөн каршы көрсөтмөлөрү бар, ошондуктан чечим кабыл алуудан мурун адис менен кеңешүү керек.

3. Лазердик тазалоо. Бул ыкма "каалабаган муруттан" биротоло куткарат, анткени лазер нуру чачтын фолликулаларына өтө зыяндуу болгондуктан, аны келечекте калыбына келтирүүгө болбойт. Андан толук кутулууну кааласаңыз, лазердик ыкмага кайрылууга туура келет. Бирок, анын организмге тийгизген зыянын да эске алуу керек.

Келгиле, үй шартында жасала турган айрым ыкмаларды карап көрөлү. Көптөгөн аялдар үчүн сулуулук салондоруна баруу убакыт же акча жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул процессти үйдө жасашат.

Терүү. Бул абдан кеңири таралган жана бюджеттик вариант, анткени ал ар бир талды алып салуу үчүн искекти билгичтик менен колдонууну талап кылат. Процедуранын кемчиликтерине узактыгы, эриндин кызаруусу жана оорушу кирет.

Түсүн өзгөртүү. Эгер түктү бирден терүүнү каалабасаңыз, анда бир нече жөнөкөй ыкмаларды сунуштайбыз:

*боёо

*лимон ширеси

*перекись

Салондо мурутту атайын боёк менен боётсоңуз болот, эгер андай боёк үйдө болсо, өзүңүз эле жасап алсаңыз болот. Күн сайын үйдө бош убактыңызда “мурут” өскөн жерге бир кесим лимон сүйкөйсүз, натыйжада күнгө чыксаңыз “мурутуңуз” көрүнбөй калат. Териге перекись сүйкөгөндө да муруттун өңү өзгөрүп, кайра карайбайт.

Жип менен терүү. Тридинг – түктөрдү терүүнүн атайын процедурасы. Ал негизинен чыгыш өлкөлөрүндө пайда болуп, Европада популярдуулукка ээ болгон. Тридинг - түктөрдү оңой алып салууга мүмкүндүк берет. Анын да өзүнүн ыкмасы бар. Ага кадимки тигүүчү жип же кебез жип керектелет.