2022-жылы акчаны кантип көбөйтсө болорун адис айтып берди

20 декабря 2021 2022-жылы акчаны кантип көбөйтсө болорун адис айтып берди

Финансы маселелери жана инвестиция боюнча консультант Наталья Смирнова 2022-жылы каражатты кантип туура инвестициялоо керектиги боюнча кеңеш айтты. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, акыркы акчаны кимдир бирөөнүн ишине инвестициялоо туура эмес. Өзгөчө азыркыдай кризистик, кымбатчылык учурунда бери дегенде үч айлык акыга барабар каражаттын ар дайым капчыкта турганы жакшы.

"Ал эми ашыкча каражатыңыз болуп, киреше көрүүнү кааласаңыз, бардыгын бир тармакка эмес, ар кайсы ишкерликке бөлүп салыңыз. Экономикада кыйчалыш абал болуп турганда, бир гана тармакка ишенүү чоң тобокелдик", — дейт адис.

Ошондой эле Смирнова 2022-жылы ири суммадагы акчаны банкта сактагандарды инфляцияга көңүл бурууга чакырды.

Мындан тышкары, дүйнөдөгү көптөгөн банктар ставкаларын жогорулатып жатканын эске алуу менен облигацияларга басым жасоо керектигин айтат. Анткени банктын ставкалары менен бирге облигациялар аркылуу киреше дагы жогорулашы мүмкүн.

sputnik