Буйволдор үйүрлөшүн арстандардын оозунан сууруп кеткен видео

20 декабря 2021 Буйволдор үйүрлөшүн арстандардын оозунан сууруп кеткен видео

Африкадагы жаратылыш паркында кол салып, жонуна чыгып, тырмактарын матырып алган арстандардан үйүрлөштөрү буйволду куткарып калган.

Окуя Масаи-Мара (Кения, Африка) жаратылыш коругунда болгон.

Кадрдан алгач топ арстандарды, андан кийин кумдуу айдыңда буйволго үстөмдүк кылып жаткан эки жырткычты, аны көздөй чуркап бара жаткан үчүнчүсүн көрүүгө болот.

Кадрга айбаттуу тырмактар денесине батып кеткенине жаны ачыган мүйүздүү жаныбардын өкүрүп, мөөрөп жатканы түшүп калган.

Окуянын кандай өңүттө өнүгөрүнө кызыккан бир нече турист аралыктан көз салып турган.

Ары жактагы секичеден болжол менен кыркка чукул буйвол болуп жаткан окуяны бир аз карап туруп, андан соң жабыла келип үйүрлөшүн куткарууга киришкен. Бир катарлары буту менен тап берсе, бир даары мүйүзү менен жерди челип, жырткычтарды көздөй качырган. Алгач моюн бербеген жаш арстандар акырындык менен чегинип, акыры кача баштаган. Ал эми жеңил жаракат алган буйвол алгач темтеңдеп, очорулуп, андан соң туруп кеткен. Андан кийин да эки тараптын – мүйүздүүлөр менен азуулуу, курч тырмактуулардын тиреши уланып, акыры жырткычтар куру кол кайтууга аргасыз болгон.

sputnik