Диетолог ич катканда жей турган жемишти сунуштады

20 декабря 2021 Диетолог ич катканда жей турган жемишти сунуштады

Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу үчүн инжирди да жеп туруу керек. Бул тууралуу РИА Новости диетолог Светлана Фускага шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, инжирдеги клетчаткалардын көптүгү тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртат. Ошондой эле пребиотик — ичегиде жашаган бактерияларга азык болуп берет.

"Бөтөнчө, ичи катып кыйналгандар инжирди жеши керек. Бирок көп колдонуу ичтин өтүшүнө, көөп, оорушуна алып келет", — деп эскерткен адис.

Диетолог инжир витамин менен минералдарга бай экенин кошумчалаган. Мисалы, кальций, магний жана B тобундагы витаминдер көп.

sputnik