Стресс бүткүл организмге терс таасирин тийгизет. Стресске кабылган адамдын булчуң эти, жүрөгү, мууну, жем алуу жолдору, калкан бези, ичеги-карын жолдору, нерви ооруйт. Биз муну башка оору менен чаташтырып, жакшы дарыланбай коёбуз. Көп учурда баш оорунун дарысын ичип алабыз. Бирок, бул бардык ооруга даба болбойт. Анткени, баш тумоодон эмес, сарсанаадан ооруп жаткан болот. Кандай дартка кабылганыңызды анык билмейинче, дарыланууга ашыкпаңыз. Жалпысынан стресс төмөнкү ооруларды чакырат:
Булчуңдардын оорушу
Организм стресске кабылганда дароо булчуңдарга таасир этет. Өзүңүздү чөгөрүп, чөгүп, мотивацияңыз төмөндөйт. Бир оор жүк көтөргөндөй жаныңыз жай таппайт. Булчуңдардан тышкары баш, моюн жана ийиндер да ооруйт. Мунун баары стресстен келип чыгат.
Дем алуу органдары ооруйт
Демиңиз жетпей жаткандай тумчугуп кыйналасыз, дем алуу жолдоруна суук тийдиби деп ойлобоңуз. Көмөкөйгө тыгылган өксүктүн таасиринен дем алуу жолдоруңуз ооруп жаткан болот. Стресске кабылган адам мурду менен дем алып, оозу менен дем чыгарат. Мындан тышкары, энтигип, аба жетишпейт. Сууктун белгилерине окшош болгону менен, оору башкача байкалат.
Жүрөк-кан тамыр системасы ооруйт
Стресс жүрөккө биринчилерден болуп таасир этет. Күтүлбөгөн жерден жүрөктүн кагышы өзгөрүп, оолугуп, өрөпкүп чыга келсиз. Катуу тынчсыздануу жана стресс жүрөктүн тынчтыгын бузат. Стресс болсоңуз, кан басымыңыз көтөрүлүп, инсульт алууга чейин барасыз. Стресске кабылуудан сак болуңуз.
Калкан бези ооруйт
Стресс калкан безинин иштешин начарлатат. Белгилүү болгондой, бул органдын функциясы өзгөрсө, ал бүткүл организмдин иштешине терс таасирин тийгизет. Анткени, калкан бези бүт организмдин саламаттыгына жооптуу. Калкан бези стресстен жабыркаганда бөйрөк, боор жана зат алмашуу начарлайт. Зат алмашуу начарлаганда биринчи кезекте кант диабети, семирүү пайда болуп жана иммундук система начарлайт.
Ичеги-карын жолдору ооруйт
Биздин ичегиде жүз миллионго жакын нейрон бар. Алар мээнин иштеши үчүн жооптуу. Эгер ичегиңизде кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, ал мээге сигнал берет. Ич көбүү, түйүлүү, өтүү, катуу тууралуу мээге кабар берилет. Демек, стресс мээнин иштешин начарлатат. Ичеги-карын оорулары адамдын маанайын чөгөрүп жиберет, эмоциясын жашыра албайт, нерви тынчыбайт.
Нервге таасир этет
Нерв – адамдын жалпы абалы жакшы, өмүрү бир калыпта, ден соолугу мыкты болушу үчүн жооптуу. Ал тынч болсо, анда баары жакшы дегенди билдирет. Нерв оорусу менен жабыркаган адам жарым-жартылай ооруган адамга барабар. Нервдин эң коркунучтуу душманы – стресс. Келгиле, андан сак бололу!