Окуучу кезинен бизнеске кызыккан баланы колдоо керекпи? Адистин кеңеши

18 декабря 2021 Окуучу кезинен бизнеске кызыккан баланы колдоо керекпи? Адистин кеңеши

Мектеп курагында ишкерлик кылгысы келген балага ата-эне кандай мамиле кылуусу керек? Негизи эле адам канча жашынан баштап бизнеске аралашса болот? Бул суроолорго РИА Новости агенттигине маек курган бизнес-консультант, 17 жаштагы ишкер кыздын апасы Наталья Ненашева жооп берди.

Ненашеванын кызы аялдар үчүн кийим-кечек брендин негиздеген.

Бизнес-консультанттын айтымында, ишкерликке кызыккан, бизнес-идеялары пайда болгон баланы ата-эне колдошу гана керек.

"Дүйнөдө ишкерликке тубаса шыгы барлар адамдардын эки гана пайызын түзөт. Эгер сиздин балаңыз алардын бири болсо, анын жашы канчада экенине карабай жардам берүү керек. Негизгиси, ата-эне баланын шагын сындырбай колдоп койсо, андан аркысы өзүнүн колунда. Албетте, мектеп окуучусу ири ишкерлик кыла албайт. Бирок келечектеги ишине акырындык менен жол салына баштайт", — деди Ненашева.

Ошондой эле адис кичине кезинен акча тапканга үйрөнүп алган балага жогорку билим канчалык зарыл экенин түшүндүрдү.

"Шык, албетте, жакшы. Бирок олуттуу бизнес кылуу үчүн экономиканы түшүнүп, анализ кылганды, акча санаганды билүүсү керек. Бул үчүн экономика же финансы жаатында жогорку билими болгону жакшы. Ошондой эле өзү алектенип жаткан жаат боюнча билим да эч качан ашык болбойт", — деди ал.

Сөзүнүн соңунда Ненашева бала кезде фантазия күчтүү болгондуктан өзгөчө идеялар дагы тез келип, коркуу сезими болбостугун айтты. Ал эми бул сапаттар ишкерге абдан зарыл экенин кошумчалады.

sputnik