Арстан эки жашар кыздын колун атасынын көзүнчө тиштеп жулуп алды

17 декабря 2021 Арстан эки жашар кыздын колун атасынын көзүнчө тиштеп жулуп алды

Йемендеги зоопаркта арстан эки жашар кыздын колун тиштеп жулуп алган. Окуя жабыр тарткан кыздын атасынын көз алдында болгон. Бул тууралуу Gulf News басылмасы кабарлайт.

Эки жаштагы кыз арстан камалып турган торго солуп салып жиберген. Жырткыч дал ушул учурда кыздын колун тиштейт. Бул учурда атасы кызын арстан менен сүрөткө тартып алуунун аракетин көрүп жаткан эле.

Кызынын колун арстандын оозунан көргөн атасы эсин жоготуп, комага түшүп калгөн. Учурда атасы менен кызы ооруканада. Укук коргоочулар окуяга зоопартын жетекчилиги менен кыздын атасын күнөөлөп жатышат.