Жапаров менен Ташиев футбол ойногону чыкты. Машыгуу учурунан видео

17 декабря 2021 Жапаров менен Ташиев футбол ойногону чыкты. Машыгуу учурунан видео

Мамлекет башчы Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын командасы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.

ВИДЕО

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Видеодон президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев оюндун алдында машыгып жатканын көрүүгө болот.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат. Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы бар.

sputnik