Садыр Жапаров: Айгүл Жапарова пол жуугучту да кызматка койбойт

17 декабря 2021 Садыр Жапаров: Айгүл Жапарова пол жуугучту да кызматка койбойт

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берип, ал пол жуугучтарды да кызматка коё албай турганын билдирди.

Мамлекет башчы Facebook баракчасына пост жазган.

"Токтобүбү Оргалча аттуу талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапарова эмес, атасы да тааныбайт. Мурда "Эл үмүтү" партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми "Альянс" партиясына чаптайсыңарбы? Алар өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрбөйбү? Айгүл Жапарова депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир пол жуугучту да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар — жетим-жесирлерге жардам берүү", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мындан ары ушундай ушактардан алыс болууну суранып кетти.

sputnik