Укмуш кооз! Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылган видео

17 декабря 2021 Укмуш кооз! Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылган видео

Кечээ кечинде Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

ВИДЕО

Салтанаттуу иш-чарага Оштун мэри Алмаз Мамбетов жана шаар тургундары катышты. Калаанын маданият башкармалыгы коноктор үчүн музыкалык программа даярдаган.

Балатынын узундугу 31 метрге жетти. Муниципалитеттен аны жана аянтты жасалгалоого канча каражат кеткенин айтышкан жок.

Ал эми Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны кооздоого 5 миллион 687 миң сом сарпталды. Быйыл мурдагы эле балаты колдонулганы менен оюнчуктар жаңы алынган. Ошондой эле аянтка ар кандай инсталляциялар орнотулду.

Бишкектин балатысынын оту бүгүн саат 19:00дө жандырылат.

sputnik