Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады

17 декабря 2021 Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады

Жанар Акаевдин ордуна депутат боло турган Токтобүбү Оргалча мандат чуусу боюнча Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

Ал сөзүнүн башында социалдык тармакта "башка өлкөнүн жараны" деп айтылып жаткан кептерге жооп берди. Оргалча Ат-Башыны жердеген черик уруусунун кызы экенин, ата-бабалары 1916-жылы Үркүн маалында Кытайга качып барып жашап калганын айткан. Ал эми Кыргызстандын атуулдугун алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшырганын билдирди.

ВИДЕО

Ошондой эле ал президент же биринчи айым менен тааныштыгы жоктугун, аларды телевизордон гана көрбөсө жакындан эч качан жолугушпаганын айтты. Деген менен алардын саясатын колдой турганын белгиледи.

Ал эми Жанар Акаев экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралбаганын билдирди.

"Мен Жанарды бир тууган инимдей көрөм. Ал мени шайлоодо колдоп, кайын журтум жашаган тээтиги Кадамжайга чейин барып келди. Жанар иним экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Кудайдын буйругу экен, квотанын негизинде мыйзамдуу жол менен мен келип калып жатам. Эч кимге арыз-арманымды айткан жокмун. Штабга барып өтпөй калдым деп бир да жолу даттанган эмесмин. Мен (мандат берилерин — ред.) кечээ күтүүсүздөн уктум. Урматтуу элим, түшүнбөй туруп эле мени табалап жатасыздар. Бири-бирибизди чукуй бербей иш жасабайлыбы. Качанкыга чейин ушинтип бири-бирибизди чукуйбуз?" — деп кайрылды Оргалча.

Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөнүн маалымдады. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээледи. Өз кезегинде Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирген.

sputnik