Түндүк Кореянын жети жараны K-pop клиптерин көргөнү үчүн өлүм жазасына тартылды

17 декабря 2021 Түндүк Кореянын жети жараны K-pop клиптерин көргөнү үчүн өлүм жазасына тартылды

Бул тууралуу The New York Times гезити 15-декабрда Сеулдагы бейөкмөт укук коргоочу TJWG уюмунун баяндамасына таянуу менен билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча, түштүк кореялык ырчылардын видеоклиптерин көрүп, аларды таратканы үчүн жети жаран өлүм жазасына тартылган. Өлүмгө тартылган жети адамдын алтоо Кытай менен чек аралаш жайгашкан Хесан шаарынан болгон. Бул шаарга контрабандалык жол  менен USB дисктер көп келет. Өлүм жазасына тартылгандардын үй-бүлө мүчөлөрү башка жергиликтүү тургундардын өлүм жазасына катышууга аргасыз болушкан. Өлүм жазасына тартылгандардын ар бири 3 жоокердин тогуз огунан көз жумган.

Басылма белгилегендей, Ким Чен Ын бийликке келгенден бери Түштүк Кореяда түндүк кореялык ырлардын, сериалдардын жайылышына каршы катуу күрөшүп келет. Мыйзам боюнча, тыюу салынган контенттерди тараткандар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.