Баткен: кыргызстандыктар менен тажик чек арачылары чырдаша кетти

17 декабря 2021 Баткен: кыргызстандыктар менен тажик чек арачылары чырдаша кетти

Кыргыз-тажик чек арасында 16-декабрь күнү чыр чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Баткен районуна караштуу Көчө-Бою айылында курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан. Жерине Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Тараптар талашып-тартыша кетип мушташ чыккан. Тажикстандык чек арачылар Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен асманга төрт ирет ок чыгарган. Окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолугушуу өткөрдү.

"Кыргызстандын жарандары курулуш иштерин чек арага жакын жерде эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзгөндүктөн тажик тарап курал колдонуу туура эмес болгонун моюндады. Тажикстандын Чек ара өкүлү ызы-чуунун чыгышына себепчи болгон аскер кызматкерине чара көрүүнү убадалады", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар бир тараптуу иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн жолугууну макулдашты. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

sputnik