Бишкекте УКМК академиясы курулмай болду

16 декабря 2021 Бишкекте УКМК академиясы курулмай болду

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров бул боюнча бүгүн, 16-декабрда, УКМКнын 64479-аскер бөлүгүнүн 50 жылдыгынын урматына арналган иш-чарада айткан.

"Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоо жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында УКМКнын академиясын куруу пландалууда. Учурда уюштуруу иштери боюнча маселелер чечилип жатат", — деди Жапаров.

Ошондой эле иш-чара учурунда мамлекет башчы аскер кызматкерлерин аталган аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы менен куттуктап, аскердик бөлүктүн күжүрмөн милдетин, тарыхын жана эмгегин айырмалаган ардактуу белги катары Күжүрмөн тууну тапшырды.

Андан соң президент аскер бөлүктөгү казарма жана Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты.

Аталган институт 2011-жылдын 28-мартында өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. Учурда анын базасында УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлөт.

sputnik