Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы

16 декабря 2021 Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын январь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүн Кыргызгидромет жарыялады.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -2…-4, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -6…-8, түндүгүндө норманын чегинде туруп -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -8…-13кө чейин, күндүз -3...+2ден 7…12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7, түндүгүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -8…-13төн -15…-20га чейин, күндүз -3…-8ден 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, -3…-5 болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -8…-13кө чейин, күндүз -4…+1ден 6…11ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9га чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-19 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -1…+4төн 8…13кө чейин өзгөрөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14кө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10 градуска жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 34-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-29 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5дан жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -1…+4төн 8…13кө чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14кө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10го чейин жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 45-47 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-74 мм, Токтогул районунда 23-25 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, 0…-2, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -6…-11ге чейин, күндүз -2…+3төн 7…12 градус жылуулукка чейин жетет.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -9…-14гө чейин, күндүз -3…+2ден 5…10 градуска чейин жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 14-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 26-28 мм).

sputnik