16 декабря 2021
Социалдык тармакта отурган күн чыгыш өлкөсүнүн жарандары Япониянын атынан "Аалам сулуусуна" катышкан Юри Ватанабэнин "маркумдун кимоносу" менен чыккан образына нааразы болуп, чуу жаралды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматта кыздын белиндеги хризантема түшүрүлгөн кур императордук үй-бүлөнүн символу экени айтылган. Кыздын мындай болуп чыкканы эле Японияны келекелегендик дешкен.
70 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан "Аалам сулуусу" биринчи ирет Израилде өтүп, бул сапар дүйнөнүн чүрөгү индиялык Харнааз Сандху аттуу кыз болгон.
Япониянын атынан чыккан кыздын көйнөктөрүн жана образын израилдик дизайнер Авиад Арик Хермандын иштеп чыкканы маалым болду. Сулуунун костюму биринчи ирет ноябрь айынын соңунда анын YouTube каналына жайгаштырылган.