Мурунга себилчү спрейлер эмнеси менен кооптуу экенин дарыгер айтты

16 декабря 2021 Мурунга себилчү спрейлер эмнеси менен кооптуу экенин дарыгер айтты

Суук тийгенде мурунга себилчү спрейлердин кооптуу да жактары бар экенин "Известия" сайты El Confidencial басылмасына шилтеме кылып жазды.

Жергиликтүү дарыгер Кристиан Кальвонун айтымында, мурунга арналган спрейлерге адам көнүп калышы мүмкүн жана бул ден соолукка терс таасирин тийгизет.

"Препарат алгачкы күндөрү жакшы жардам берип, дем алуу жеңилдеп, мурун ачылат. Бирок кийин мурун көңдөйүнүн былжыр чели кайра шишип баштайт. Ошондуктан дарыны кайра чачыш керек болот", — деген дарыгер.

Спрейди ашыкча колдонуу кан басымды көтөрүп, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын күчөтүп, жадагалса инсультка чейин алып келиши мүмкүндүгү эскертилди.

Дарыгер спрейди пайдаланууну токтотуу үчүн адамдын эрки да керек экенин кошумчалаган.

sputnik