Кышкысын автоунаанын отургучун жылытып алган албетте жакшы, ыңгайлуу. Бирок эркектер аша чаап кетпеши керектигин уролог, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Демин айтып берди.
Адистин пикиринде, автоунаанын отургучтарын адам отурганга чейин жылытып, андан кийин бул функцияны өчүрүп салган туура.
"Отургучту сыз өтүп калбаш үчүн гана жылытуу керек. Ал эми аны жылынуучу каражат катары пайдаланган туура эмес. Негизи дене аны бир нерсе сырттан жылытып туруусуна муктаж эмес. Жөнөкөй мисал, отургуч дайыма жылуу болуп турса дене бойдун дагы табы көтөрүлүп, адам тердеп калышы мүмкүн. Мындай учурда сыртка чыкканда дароо суук тиет", — деди Демин.
Ошондой эле ал эркектин денесинин белден ылдыйкы бөлүгү дайыма мээлүүн кармалышы керектигин кошумчалады.
"Эркектин тукум улоо функциялары бузулбашы үчүн жыныстык органдары жана анын тегереги дайым мээлүүн температурада кармалышы керек. Андай болбосо тукумсуз болуп калуу коркунучу бар", — деди дарыгер.
Адис ысытылган отургучтар өзгөчө алыс жолдо же тыгында турганда организмди талкалай турганын кошумчалады.