Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны качан өтөт

16 декабря 2021 Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны качан өтөт

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны эки жуманын аралыгында болот. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, алты партия жеңишке жетти деп тааныды.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын парламенттин жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачат. Улуу курактагы депутаттардын тизмесинин сап башында "Ынтымак" партиясынан талапкер Шарапаткан Мажитова турат. Ал 66 жашта.

Парламентке өткөн алты партия:

1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;

2. "Ишеним" — 12 мандат;

3. "Ынтымак" — 9 мандат;

4. "Альянс" — 7 мандат;

5. "Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;

6. "Ыйман нуру" — 5 мандат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

sputnik