Кыздын сырткы келбети анын карьерасына кандай таасир этет?

16 декабря 2021 Кыздын сырткы келбети анын карьерасына кандай таасир этет?

Гендердик теңчиликке карабай аялдарды жумушка алып жатканда кийимине, өң-түсүнө, боюна жана салмагына карап кабыл алышат. Аялдар жылына орто эсеп менен жалпысынан он күнүн жумушка даярданууга арнашат экен. Ал эми дүйнө жүзүндөгү аялдардын баары биригип жылына косметикага 15 млн доллар коротушат.

Жумушка орношууда аялга косметика кандай жардам берет?

Макияж аялды компетентүү, башкаларга жагымдуу кылып көрсөтөт. Төмөндөгү сүрөттө макияжсыз, табигый макияж, бир кылка профессионалдык макияж жана саркеч боёнгон аялдардын жүзү көрсөтүлгөн. Табигый макияж башкалардын ишенимин арттырса, профессиналдык макияж адамды жагымдуу кылып көрсөтөт.

Салмак жумушка орношууда кандай таасир этет?

Салмагы чоң кыздардын жумушка орношуусу кыйын болот. Эптеп орношсо да, алган маянасы башкалардан аз. Ашыкча салмак жумушту артка тартат деп жумуш берүүчүлөр кабыл албайт. Ал эми салмагы нормадан төмөн кыздардын кирешеси кыйла жогору болот.

Кийим жумушка орношууда кандай таасир этет?

Аялдар эркектерге караганда кийимге көбүрөөк көңүл бөлөт. Стилдүү кийим башкалардын эмоциясын башкарууга жана өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө мүмкүндүк берет.