Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевге мандат берилбей калды.
Аталган партия жети мандатка ээ болгон. Алган добушуна жараша эсептегенде Акаев акыркы орунда турган.
БШКнын сайтына бүгүн аялдардын квотасын бөлүштүрүү боюнча жобо өзгөртүлгөнү туурасында маалымат жарыяланды. Мындай чечим Конституциянын 64-беренесинин 4-пунктуна дал келтирүү максатында кабыл алынганы айтылат.
"Саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан кем эмеси шайлоочулардын кыйла көп добушун алган аял-талапкерлердин арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эгерде саясий партиянын тизмесиндеги аял-талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албаса, аялдардын квотасы боюнча калган мандаттар Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял-талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык кезек бөлүштүрүлөт", — деп жазылган.
Мунун натыйжасында жети мандат алган партияда үч аял депутат болуп келе турган болду. Мурдагы жободо 8 мандаттын үчөө аялдарга берилчү.
Жыйынтыгында Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болду.